Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Марат Бакиевди кармоо аракети жүрүүдө


Утурумдук өкмөт мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу тууралуу Казакстанга тиешелүү документтерди жиберет. Ошондой эле учурда Казакстанда деп шектелип аткан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов менен Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновго карата дагы ушундай өтүнүч жиберилет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында утурумдук өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда үчөөнө карата кылмыш иши козголгон. (AiJu)

XS
SM
MD
LG