Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Пакистан өкмөтү Б. Бхуттого кол салууну "ишенимдүү изилдейт"


Пакистан өкмөтүнүн билдиришинче, мурдакы премьер-министр Беназир Бухуттого кол салуу боюнча Улуттар Уюмунун жаңы жарыяланган билдирүүсү Бхутто айымдын өлүмүн “полициянын татыктуу изилдөөсүнө” жол ачат.

Беназир Бхутто 2007-жылдын декабрында президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда октон жана жан кечтинин чабуулунан өлгөн. Бхутто айым мекенине тогуз жыл сырт өлкөдө жашагандан кийин эми гана келген болчу.

БУУ бейшемби күнү жарыялаган докладда ошол кездеги президент Первез Мушаррафтын өкмөтү жана коопсуздук кызматтары кааласа Беназир Бхуттого кол салууну болтурбай коймок, ошондой эле Пакистандын коопсуздук кызматтары жана башка бийликтери маркумдун өлүмүн тергөөгө тоскоолдук кылган деген тыянак жасалат.

Экс-президент Мушаррафтын жардамчысы Рашид Куреши жума күнкү билдирүүсүндө БУУнун докладын “калптын уюткусу” деп атады.

XS
SM
MD
LG