Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Кошмо Штаттары Кыргыз демократиясына колдоо билдирди


«АКШ Кыргыз жумуриятынын көз карандысыздыгын, суверендүүлүгүн жана аймактык биримдигин, эр жүрөк кыргыз элинин бейкут, бардар демократия куруу тилегин колдойт», - деп айтты АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Филип Кролей. Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин Казакстанга алынып кетишине АКШнын президенти Барак Обама да арачы түштү. Бакиевдин оппоненттери Вашингтонду анын бийлиги тушундагы одоно укук бузууларды билмексенге салды деп айыпташкан. Курманбек Бакиев бейшемби күнү Кыргызстандан кошуна Казакстанга чыгарылып, кызматынан чегингени тууралуу тил кат жазып берген.

XS
SM
MD
LG