Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

19-апрелде Конституциялык Кеңешменин курамы сунушталат


Ага өлкөдөгү саясий партиялар, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү кирип, 22-апрелде жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулай баштайт. Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдин талкуусуна да коюлуп, сунуш-пикирлер кабыл алынат. Бул тууралуу маалымат Убактылуу өкмөт жетекчисинин конституциялык реформа боюнча орун басары Ө. Текебаевден алынды.

Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн жалпы элдик референдум ушул жылдын июль айында өтөөрү маалымдалды. Ага карата утурумдук Борбордук шайлоо комиссиясы түзүлөт. Парламенттик жана президенттик шайлоолор октябрь айында өтөт. (GA)

XS
SM
MD
LG