Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

А.Бекназаровго кол салуу болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” утурумдук өкмөттүн өкүлү, сот, прокуратура жаатын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Самсаалы Четинбаев билдирди. Анын айтымында, кечээ түнкү саат бирлер чамасында А.Бекназаров иштен соң үйүнө кирип бара жаткан маалда эки жеңил унаа куушуп келип ок чыгарган. А.Бекназаровдун жан сакчылары машинелеринен түшө калганда, белгисиздер качып кеткен. С.Четинбаевдин айтымында, тапанча менен болжолдуу 5-6 ок атылган. Бул атайын даярдалган иш болгонбу же жөн гана кокустук экени белгисиз. Бул факт боюнча А.Бекназаров ички иштер органдарына кайрылган жок. (AiJu)

XS
SM
MD
LG