Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Жалал-Абадда Б.Шерниязовго таш ыргытышты


Бүгүн Жалал-Абаддын облустук театры алдында милиция кызматкерлери митингге чыккан. Алар утурумдук өкмөткө Талас, Бишкекте өткөн апрелдеги кагылышууларда жаракат алган тартип сакчылары тууралуу жөндүү маалымат элге жетпей атканын, милицияга жакшы көңүл бурулбай, алардын көбү социалдык жаткан начар абалда экенин айтып чыкты. Аларга утурумдук өкмөттүн өкүлү, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов барды. Ал апрель ыңкылабында эки тартип сакчы каза болгонун, 76сы жаракат алганын айтып, милициянын кем-каржына 2 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди. Ошол маалда мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин абактан бошотулушун талап кылып митинге чыккан адамдардын айрымдары милиция кызматкерлерине кошулуп, баш аламандык чыгып кеткен. Б.Шерниязовдун жан сакчылары аны унаага отургузуп, алып кетип бара жатканда алардын машинелерине таш, суусу бар бөтөлкөлөр ыргыган. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирип, Б.Шерниязов менен келген машинелердин айрымдарынын терезелери ыргыган таштардан сынганын айтты. (AiJu)

XS
SM
MD
LG