Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Бейөкмөт уюмдар бийликке талап койду


Бүгүн Бишкекте бейөкмөт уюмдар жыйын уюштурду. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууга алынып, утурумдук өкмөттү мыйзамдаштыруу жолдору тууралуу сөз болду. Иш-чаранын соңунда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү учурдагы бийликке бир канча талатарды койгон резолюция кабыл алды. Анда убактылуу өкмөткө адам укуктарын сактоо механизмдерин калыбына келтирүү, калкка бийликтегилер кабыл алган чечимдер тууралуу өз убагында, так мааалымат берүү, кызматтык дайындоолорду мыйзамдуу, негиздүү болушун камсыз кылуу өңдүү талаптар бар. Иш-чаранын уюштуруучулары резолюциядагы талаптарды бүгүн кечинде утурумдук өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева менен талкуулай турганын айтты. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG