Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Жалал-Абад телевидениесин басып алуу аракети болду


Бүгүн түштөн кийин, кечки саат бештер чамасында мурдагы бийликтин тарапкерлери Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын имаратына кирип барышып, түз эфирден убакыт берүүнү талап кылышкан. Облустук телерадиокомпаниянын жетекчиси Бактыкан Ажымаматова алардын саны болжол менен 200 чакты экенин, алар имаратты ээлеп алууга аракет кылганын, бирок сүйлөшүү аркылуу эптеп ийге келтиришкенин "Азаттыкка" билдирди. "Биз студиябызды жана жабдыктарыбызды бүлүнтпөй сактап калууга болгон аракетибизди жасадык, бирок аларга түз эфир берилген жок", дейт Б. Ажымаматова. Сүйлөшүүнүн натыйжасында эки сааттай убакыттан кийин нааразы топ телерадиокомпаниянын имаратынан чыгып кетти. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG