Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Жалал-Абаддагы митингчилер таркашты


Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына чыгышкан мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыевдин 300 чамалуу жактоочулары таркашты. Бул тууралуу иш-чарага көз салып турган “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Алар мурдагы коргоо министринин бошотулушун талап кылып, 7-апрелдеги кандуу окуяда анын күнөөсү жок экенин айтышууда. Б.Калыевдин жактоочулары эртең да митинг өткөрүшөрүн, талаптары аткарылганга чейин турушарын айтышууда.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү митингчилерге карата эч кандай күч колдонулбасын айтышууда. Сот, прокуратура тармагын тескеп аткан Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иштери мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө жана айыпталгандардын күнөөсүн далилдечү фактылар жетиштүү. (IJz)

XS
SM
MD
LG