Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ө.Текебаев президенттин милдетин аткаруучуну сунуштайт


“Ата мекен” партиясынын төрагасы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев, баш мыйзам менен кошо элдик референдумга Роза Отунбаеванын талапкерлигин коюп, аны жаңы бийлик түптөлгөнгө чейин президенттин милдетин аткаруучу кылып шайлап алууну сунуштоодо. Ө.Текебаевдин пикиринде, өткөөл мезгилдеги президенттин милдетин аткаруучуга баш мыйзамда көрсөтүлгөн өлкө башчысынын ыйгарым укуктарынын баары берилмекчи. Ал эми кызматынан кеткенден кийин экс-президент деген статусу сакталып кала берет.

“Президенттин милдетин аткаруучу кызматына альтернативасыз талапкер катары Роза Отунбаеваны көрсөтөр элем. Эгер бул сунуш өтүп калса, Р.Отунбаева кыргыз тарыхында биринчи жолу зордук-зомбулуксуз, мыйзамдуу түрдө кызматын тапшырган жана экс-перзиденттик бардык статусун сактап калган алгачкы лидер болот”,- дейт ал.

Ө.Текебаев мындай сунушун “Ата мекен” партиясынын интернет баракчасы аркылуу таркатты. (IJz)

XS
SM
MD
LG