Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Европанын аба мейкини ачыла элек


Шаршембиде Исландияда жанар тоо атып, бир катар өлкөлөр авиакаттамдарга тыюу салышкан. Ишембиде эски континентте 17 миңдей каттам үзгүлтүккө учурады. Жанар тоодон бүрккөн чаң аралаш түтүн түштүк-чыгышка жылып баратат. Бүгүн Болгария аба мейкинин жапканын маалымдады. Голландия жана Германиянын авикомпаниялары сыноо учууларынан кийин абал жакшырганын кабарлашты. "Люфтганза" дүйшөмбүдөн тарта аивакаттамдарды калыбына келтирүүнө көздөөдө. Авиакомпаниялар күнүнө 200 миллиондой доллар чыгым тартышууда. Миңдеген жүргүнчүлөр уча албай, көптөрү аэропорт, мейманканаларда түнөөгө, саякаттоонун башка жолдорун издөөгө аргасыз болушууда.

XS
SM
MD
LG