Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

А. Атамбаев: Түндүк-түштүк деп бөлгөндөрдү камаш керек


Алмазбек Атамбаев Оштогу жолугушууда, 2010-жылдын 18-апрели.
Алмазбек Атамбаев Оштогу жолугушууда, 2010-жылдын 18-апрели.

Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жекшембиде түштүк баш калаасында Ош облусунун жана шаарынын тургундары менен жолугуп, элди улутка жана аймакка бөлгөндөр катуу жазаланарын эскертти. Ноокат окуясы боюнча соттолгондор жакын арада бошотулаарын убада кылды.

Алмазбек Атамбаев адегенде эле Кыргызстанды бөлүп-жарган, а түгүл жарандык согушка түртүүгө аракеттенген мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын таламдаштарынын ниетин четке каккандыгы үчүн оштуктарга жаңы бийликтин атынан ыраазычылыгын билдирди:

- Манас бабабыз баштап миңдеген жылдар бою бүлүнтпөй сактап келген Кыргызстанды бөлүп-жарам деген – душмандын иши. Ушундай ниетте Ош республикасын түзүүгө умтулгандарды өлкөдөн айдап чыкканыңыздарга абдан чоң ыракмат!
Алмаз Атамбаев менен жолугушууга келген эл. Ош, 2010-жылдын 18-апрели.

Ал мындан ары элди кайраштырууга чарпылгандар катуу жазаланаарын эскертти:

- Жанагыл түндүк-түштүк маселесин көтөргөндөрдү, элди кыргыз-өзбекке, кыргыз-тажикке бөлгөндөрдү керек болсо камаш керек!

Ошондой эле өлкөдө стабилдүү тычтык орнобосо, алыскы-жакынкы мамлекеттер жүзүн үйрөөрүн жашырган жок:

- Казакстандын жана Орусиянын жетекчилиги эскертип жатышат. “Эгерде мындан нары тынчыбасаңар, анда бейтстабилдүү өлкөнүн жарандары катары уул-кыздарыңарды Мекенине кайтарабыз!” деп. Менин билишимче, Казакстанда ушундай чечим жүзөгө ашырылууда, - деп коңгуроо какты убактылуу өкмөттүн өкүлү.

Алмазбек Атамбаевдин ынанымында, жакынкы айларда референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынат, ошентип, үй-бүлөлүк башкарууга биротоло чекит коюлмакчы:

- Ал Башмыйзамда президенттин бийлиги азайтылат. Анткени эртең мамлекет башчы Атамбаев болобу, Текебаев болобу, кошоматчылар келип баары бир бузат экен. Ошондуктан, парламенттик системага ыктайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын башына Азиза Абдырасулова өңдөнгөн бейөкмөт уюмдардын кишилерин коелу деп атабыз. Алар таза инсандар. Эч кимге тартпайт. Ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун беш-алты өкүлүн БШКнын курамына коштурмакчыбыз.

Ушундан кийин тургундардын суроолоруна жооп кайтарып жатып, утурумдук өкмөт башчысынын биринчи орун басары Ноокат окуясы боюнча 32 адам саясий буюртманын негизинде узак мөөнөткө соттолгондугун ырастады:

- Ноокат окуясы боюнча камалгандарды сөзсүз бошотубуз!

Ара чолодо мугалим Рыспек Юсупов 7-апрелдеги элдик көтөрүлүш жаштардын күчү менен жасалгандыгын белгилеп, тилекке каршы, алардын идиректүү өкүлдөрү бийликке тартылбай жаткандыгын, мунун акыры чоң нааразычылыктын толкунун жаратаарын ачыктады:

- Тез аранын ичинде жер-жерлерде убактылуу бийликтердин структураларын түзүп жана аларга жаштарды көбүрөөк аралаштырбасак, эртең кеч болуп калаары шексиз.

Жооп иретинде Алмазбек Атамбаев тың жаштар ар дайым убактылуу өкмөттүн көңүл борборунда болоорун убада кылды.

Ал эми эмгек ардагери Адалат Козуева азыркы бийлик Бакиев режиминин катачылыктарын кайталабаса экен деп кудайдан тилеп жаткандыгын билдирди:

- Албетте, беш жыл ичинде Курманбек Бакиев өлкөнү жакшылап башкара албады. Айланасындагылар эл арасындагы кыйынчылыктар туурасында ооз ачышкан жок. Кемчиликтер оркоюп турса да, көрмөмүшкө салышты. Бир кишиге сыйынып туруп алышты.

Кепти жыйынтыктаган Социал-демократиялык партиянын Ош шаардык төрагасы Алымбай Кадыров жердештери утурумдук өкмөттүн аракеттерин толук кубаттай тургандыгын айтып, бирок укук коргоо органдары калктын коопсуздугун камсыз кыла албай жаткандыгына тынчсызданды:

- Мына бул күч органдары, менимче, начар иштеп жатышат. Себеп дегенде эки-үч күн мурда бобордук аянтта митинг болду. Акция убагында адамдар ачык эле автомат көтөрүп жүрүшөт. Биздин арабызда бандиттер толтура, эй. Ошолордун бирөө-жарымын оперативдүү иш-чаралардын негизинде кармап, жоопко тартыша элек. Бир эле мен эмес, шаардын көпчүлүк тургундары ушундан чочулап көчөдө ээн-эркин баса албай калышты.

Алмазбек Атамбаев убакыт тардыгын кыйытып, алигүнчө тынчый элек Жалал-Абад шаарын карай багыт алды. Ошентип, жолугушуунун катышуучулары жаңы бийликтин жетекчилери калкты көбүрөөк аралабаса, көйгөйлөр үйүлүп олтуруп, дагы баш оорутаарын губернаторго жана мэрге кулак кагыш кылып тарашты.

Акыркы маалыматка караганда, утурумдук өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев техникалык себептерге байланыштуу Жалал-Абадга жетпестен, Ош шаарынан түз эле Бишкекке учуп кетти.

XS
SM
MD
LG