Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Ө.Абдырахманов “Люстрация жөнүндө” мыйзам кабыл алууну сунуштады


Учурда АКШда жүргөн ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун маалыматына караганда Кыргызстанга дагы “Люстрация жөнүндө” мыйзамды референдумга киргизүү зарыл. Анын билдиришинче, Курманбек Бакиев Конституцияны бузуп “Ак жол” партиясын түзүп, ал партия дагы Баш мыйзамды одоно бузуп бир катар мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттикти мыйзамдаштырып, жыйынтыгында парламент Бакиевди тынч адамдарды аттырууга жол берген.
Ө.Абдырахманов жаңы мыйзам боюнча Бакиевди жана анын администрациясындагы кызматкерлерди, Министрлерди, алардын орун басарларын, парламенттеги “Ак жол”, Кыргызстан коммунисттери фракцияларынын депутаттарын жана башка бир катар мамлекеттик кызмат жетекчилерин алдыдагы шайлоого катышууга тыйуу салууну сунуштаган.
Люстрация – (латын тилинен lustratio) курмандыкка чалуу аркылуу тазалануу дегенди түшүдүрөт. Бул ыкма саясат тажрыйбасында кеңири колдонулат. (AJ)

XS
SM
MD
LG