Нөшөрлөп жааган жаандан Бишкек-Ош жолунун 428-431-чакырымында, Разан-Сай айылына жакын жерде сел жүрүп, тоодон агып түшкөн таш-кумдар жолду бөгөп, бир нече саат автоунаалардын өтүшүнө бөгөт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Аталган министрликтин кызматкерлери жолду тазалап, жол каттамы жөнгө салынды. (AJ)