Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Бүгүн Жалал-Абадда К.Бакиевди колдогон митинг улантылат


Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда К.Бакиевдин тарапкерлери Убактылуу өкмөткө он талап коюшат. Алар 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча Бириккен улуттар уюму баш болгон көз карандысыз уюмдардан турган эл аралык комиссия түзүү, Курманбек Бакиевди анын үй-бүлөсүн жана жакындарын куугунтуктоону токтотуу, Мыйзамдуу бийликти ордуна алып келүү, Жаныш Бакиевге карата кылмыш ишин жана аны издөөнү токтотуу, Мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыевди бошотуу, Молдомуса Конгантиевди сабагандарды мыйзам чегинде жазалоо, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартуу сыяктуу талаптарды коюшат.

Экс-президент Курманбек Бакиев 16-апрелде кызматынан кетүү боюнча арызын жазып, аны Казакстандын элчилиги Убактылуу өкмөткө тапшырган. Бейшембиде ЕККУ, БУУнун жана Казакстан, АКШ, Орусиянын президенттеринин арачылыгы менен Бакиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG