Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Мурдагы президенттин бир туугандарын кармоо аракеттери уланууда


Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Бакиевдин туугандары Кыргызстанда жана аларды кармоо аракеттери көрүлүп жатат. “Кечки саат он экиде Тейит айылындагы үй толук курчалгандан кийин "тынч жол менен бүтүрөлү" деп мага аксакалдар келди. Ошондо биз Башкы прокуратура кызматкерлери кошулган кырк адамдан турган топ түзүп, алар Бакиевдердин үйүнө кирди. Киргенде Акмат, Каныбек Бакиевдер жок болуп чыкты,” – деди Б.Шерниязов. Министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле ыңкылаптан кийин жоюлуп кеткен мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты тастыктаган жок жана ал Кыргызстанда экендиги тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.

17-апрелде Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов баш болгон атайын топ Жалал-Абаддын Тейит айылына 7-апрелдеги ок атууга катыштыгы бар делген мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандарын кармоого барышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG