Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Чүйдө Бакиевдерди жоопко тартууну талап кылышууда


Экс-президент К. Бакиевдин жоопко тартылбай чет өлкөгө чыгарылып кеткенине көп адамдар нааразы болуп жатышат
Экс-президент К. Бакиевдин жоопко тартылбай чет өлкөгө чыгарылып кеткенине көп адамдар нааразы болуп жатышат

7- апрель күнү Чүй аймагынан каза болгондордун жакындары бүгүн убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдошту. Кайрылууда “К. Бакиев жана анын жакындары тезинен сот жообуна тартылсын жана алардын камчысын чапкан кызматкерлер кайрадан кызматка алынбасын”,- деп жазылган.

Ошондой эле 7-8- апрель күндөрү Чүйдүн аймактарынан сабалып жана ок тийип каза болгон бейкүнөө тургундардын иши акыйкат териштирилсин деген талаптар да чүйлүктөр тарабынан көтөрүлүп жатат.

Кечээги маалымат жыйынында курман болгондордун жакындары жалпы чүйлүктөрдүн атынан убактылуу өкмөткө жана Орусия, Беларусия өңдүү бир катар өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылуу жолдошкондуктарын айтышты. Алардын бирден- бир талабы Бакиевдердин мыйзам чегинде жоопко тартылышы болуп турат.

Ошондой эле Чүй районундагы “Гаваи” кафесинин айланасында болгон окуяга карата калыс баа берүү жөнүндө маселе көтөрүлүп жатат. Себеби тополоң күндөрү “Гаваи” кафеси өрттөлүп, 4 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жаткан. Учурда жараат алгандардын ичинен абалы өтө оор болгондору да бар.

Чүй облустук администрациясынын басма сөз кызматы 7-8- апрель күндөрү Чүй аймагынан каза болгондордун жана жараат алгандардын толук тизмесин тактап, жакындарына жардам көрсөтүү пландалып жатканы туурасында маалымат таратты.

XS
SM
MD
LG