Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Жер сурагандар менен шаар башчы жолугушту


Шаар бийлигинен жер талап кылган Маевка айылынын эки миңге чукул тургуну менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жолукту. Ал муктаж адамдарга жер бериле турганын, бул маселе чечилээрин айтты. Ошондой эле ал топ башыларга жазылууну сунуштады. Бул тууралуу Маевка айылынын атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыкка” кабарлады. Чогулгандар жери жок батирде, сызда жашап жаткандарын айтып, үй курууну баштоого мэрден уруксат сурашты. Мэр алар сурап жаткан жер Бишкекке карабай турганын айтып, бул маселени топ башылар менен сүйлөшүү, кеңешүү керектигин билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG