Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Нарында айдап себүү башталды


Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Эмил Алымкулов бүгүнкү күнгө карата Кочкор районунда 300, Жумгал районунда 150 гектар аянт айдалып, анын 80 пайызы себилгендигин билдирди. Бирок дыйкандар күйүүчү майларга муктаж болууда. Учурда Убактылуу Өкмөттөн бөлүнгөн баасы 24 сомдун тегерегиндеги 780 тонна солярка келе элек. Быйылкы жылы дубанда жалпысынан 34 600 гектарга дан эгин айдалмакчы. Нарын районуна 400 тонна үрөн жетпейт. Бирок Кочкор, Ак-Талаа райондорунан алып толуктоо жагы каралууда. Теңир-Тоодо жер айдоо былтыр 2-апрелде башталган эле. (KUs)

XS
SM
MD
LG