Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

ЖК Убактылуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн тааныды


Кезексиз жыйынга чогулган “Ак Жол” жана коммунисттер фракцияларынын депутаттары Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттү тааныган токтом кабыл алды. Токтомго ылайык Убактылуу өкмөткө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды стабилдештирүүгө тез арада чара көрүү, коомдук тартипти сактоо, басып алуучулук, бирөөнүн менчигин тартып алуу аракеттерине бөгөт коюу тапшырылды. И.Масалиев бул чечим өлкө биримдигин жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн жасалып жатканын белгиледи. Жогорку Кеңеш материалдык-техникалык жабдуулардын, отуруп иштөөчү бөлмөлөрү жоктугуна байланыштуу 20-майга чейин танаписке тарады. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

7-апрелде К. Бакиевдин бийлиги кулаганда бириккен оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, Убактылуу өкмөт түзүп, өзүнүн биринчи декрети менен Жогорку Кеңешти таратып, Өкмөттү, Президенттин катчылыгын жана аппаратын жоюп жиберген. Ошого карабастан Жогорку Кеңештеги "Ак Жол" жана Коммунисттер фракцияларынын 30 депутаты жана 18 депутаттын ордуна ишенимдүү өкүлдөрү бүгүн кезексиз отурумга чогулуп, төрагалык кызматтан З. Курмановду бошотуп, анын ордуна коммунисттердин лидери И. Масалиевди төрага кылып шайлашты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG