Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Кипрдин түрк тарабында улутчул саясатчы президент болуп шайланды


Эроглу өз жеңишин майрамдап жатат. Никосия, 18-апрел, щ®º®-ж.
Эроглу өз жеңишин майрамдап жатат. Никосия, 18-апрел, щ®º®-ж.

Жер Ортолук деңизинин ак мончогу болгон Кипрда ушул күндөрү асман ачык, бирок саясат булуттап турган чак. Ондогон жылдардан бери Түркия менен Грециянын ортосунда талашка түшкөн бул аралдын грек тарабындагы өкмөтү түрк тарабында улутчул саясатчынын президент болуп шайланышын “тескери көрүнүш” деп баалады.

Грек киприоттору Дервиш Эроглунун бийликке келиши тынчтык сүйлөшүүлөргө каскак болот деп чочулашууда.

Буга чейин Эроглу ажырым болгон аралдын түрк тарабынын көз карандысыздыгын колдоп келген. Шайлоо өнөктүгүндө ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга сөз берген. Бирок ал жекшембиде жеңишке жетишкенде, грек киприотторунун да, Түркия өкмөтүнүн да кабагы чытылды.

18-апрелдеги шайлоодо Эроглу добуштардын жарымынан бир аз көбүрөөгүн алып, жеңип чыкты. Анын башкы атаандашы, байыстуу турумдары азыркы президент Мехмет Али Талатты түрк киприотторунун 43 пайызынын азырак бөлүгү колдоду.
Кипрде түндүк менен түштүк элдешпесе, баарыбыз беймаза болобуз.
Режеп Тайып Эрдоган


Грек киприот өкмөтүнүн маалымат катчысы Стефанос Стефаноу Эроглунун шайланышын “тескери көрүнүш” катары баалап, бул шартта тынчтык жараянын кандайча улантуунун жол-жобосун такташ керектигин билдирди.

Анкарада Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган ала кушту атынан атабаганы менен, Эроглунун жеңишине өкүнүчүн жашырган жок.

Анкара Бириккен Улуттар уюму арачы түшкөн тынчтык сүйлөшүүсүнүн жактоочусу Мехмет Али Талаттын талапкердигин колдогон эле. Эроглу жеңе тургандыгы анык болуп калгандан кийин, Эрдоган “ким шайланса да, Түркия кепилдөөчү болгон бул сүйлөшүүнү улантууга тийиш” экендигин билдирип, иш жүзүндө Эроглунун бул ишке чукул кийлигишүүсү зарыл экендигин мындайча эскертти:

– Биздин максат жыл аягына чейин бир чечимге келишибиз керек. Биз шериктер менен сүйлөшкөндөн кийин ушундай деп макулдашканбыз. Анткени маселенин башы ачылбаса, эки тарап тең беймаза болот.

Түркиянын өкмөт башчысын “беймаза” кылган нерсе, Европа Биримдигине кирген Кипрдин грек өкмөтү арал бирикмейинче, Түркиянын биримдикке кошулушуна бут тосууну улантаарын эскерткен.

Эроглу өзүн тынчтык жараянына кедерги болот дегендердин тынчсыздануусун четке какты.

Түштүк менен түндүктүн, түрк жана грек киприотторунун ортосунда эмне болгонун билген адам катары мен бул түйүндүн чечилишин каалайм, - деди жаңы шайланган түрк киприоттордун президенти өз жеңишин майрамдап жатып.

1974-жылы Кипрдин Грецияга кошулушун колдогондордун төңкөрүшүнөн кийин Түркия аралга басып кирген эле. Кипр ошондо экиге бөлүнүп калган. Түркия Түндүк Кипрде бүгүнгө чейин 30 миңдей аскер кармап турат.

XS
SM
MD
LG