Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:24

Пакистанда парламенттик демократия калыбына келди


Президент Зардари өз укугун чектеген мыйзамга кол койду, 19-апрел, 2010-жыл.

Президент Зардари өз укугун чектеген мыйзамга кол койду, 19-апрел, 2010-жыл.

Акыркы 30 жылдын 20 жылында диктаторлор Конституцияны билгениндей өзгөртүп келген Пакистанда 19-апрелде федералдык парламентардык демократиянын калыбына келиши чоң жетишкендик катары бааланууда.

Дүйшөмбү күнкү Исламабадда өткөн жупуну салтанатта Пакистандын президенти Асиф Али Зардари өз мандаттарынын айрымдарын өкмөт башчысы Юсаф Раза Гиланиге өткөрүп берди. Мунун алдында ал 1973-жылы кабыл алынган Пакистандын Конституциясына 18- өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койгон эле.

– Мен кол койгон мыйзам демократияга каршы күчтөр Конституцияга киргизген демократияга каршы беренелерди күчүнөн кетирет. Бул тарыхый күн, тарыхый көз ирмем, бул күн биздин элдин демократия үчүн күрөшүндөгү чоң бурулуш.

Соңку мыйзам менен өлкөнүн армиядан чыккан мамлекет башчылары Зия-ул-Хак менен Первез Мушарафтын авторитардык бийлиги тушунда киргизилген өзгөртүүлөр күчүнөн кетирилди. Бул эки генерал Пакистанды башкарып турган акыркы 30 жылдын 20 жылында парламентти таркатып жиберүү кадыресе көрүнүш болуп калган.
Президенттин укугун чектеген мыйзамдын күчүнө кириши - тарыхый окуя.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари


Саясат таануучулардын пикиринде, соңку реформалар Пакистанда федералдык парламенттик демократия орноткон 1973-жылкы Конституциянын рухун калыбына келтирет. Андан кийинки бир катар өзгөртүүлөрдүн аркасында аскердик диктатуралар өлкөдө иш жүзүндө президенттик система орнотушкан.

Конституциялык кайра куруунун чегиндеги соңку мыйзам менен мамлекет башчысы парламентти таркатуу жана өкмөт башчысын кызматтан алуу укугунан ажырады. 18-конституциялык өзгөртүү мыйзамын парламенттин эки палатасы тең ушул айда жактырган эле.

Ошону менен таасирлүү аскер башчылары, соттор өңдөнгөн аткаруу тармагындагы чечүүчү кызматкерлерди өкмөт башчысы парламент менен бирдикте бекитет. Премьер-министр менен депутаттар жалпы эле аткаруу бийлигин тейлешмекчи. Бул мыйзам менен дубандардын укуктары да кеңейет.

Сенатор Афрасияб Хаттак акыркы тогуз айдагы бүтпөс жыйындарда конституциялык реформа боюнча консенсус жаралган парламенттик конституциялык комитеттин улук мүчөлөрүнүн бири. Ал да реформалар топтомун «Пакистандын конституциялык тарыхындагы бурулуш» деп мүнөздөдү.
XS
SM
MD
LG