Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Маевкадагы кагылышта 5 киши каза тапты


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын штабынан Мирбек Шаршекеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Маевка айылынын төмөн жагындагы үлүш жерди басып алгандар менен үлүш ээлеринин ортосундагы кечээки кагылышуудан 33 адам ооруканага түшкөн. Алардын үчөө каза таап, калгандарына медициналык жардам көрсөтүлүп, 10 адам бейтапканаларга жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, бейтапканадан каза тапкандардан тышкары кечээки кагылыштан улам Жаш Гвардия бульварында күйүп кеткен машине ичинен бир жана Набережная көчөсүндөгү өрт чыккан үйлөрдүн биринен дагы бир адамдын сөөгү табылган. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG