Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Жалал-Абад: Бакиевчилер ИИБинин башчылыгына өз кишисин отургузду


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери бүгүн Жалал-Абад обулустук ички иштер башкармалагынын жетекчилигине өздөрү көрсөткөн Кубаныч Төрөбаевди отургузушту. Обулустук ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Сталбек Бакиров кызмат ордун тынч өткөрүп бергени кабарланууда. Мурда кабарлангандай, митингчилер Жалал-Абад губернатору деп өздөрү шайлап алган Пайзуллабек Рахманов Кубаныч Төрөбаевди Жалал-Абад обулустук ички иштер башкармалагынын жетекчилигине отургузуу боюнча областтык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүүгө кирип кеткени кабарланган эле. Ушу тапка митинг катышуучулары областтык бийлик имаратынын алдында боз үйлөрдү тиге башташты. Дубандагы кабарчыбыз митингге чыккандардын тарай турган түрү жоктугун, кечке дейре бул жерге 12 боз үй тигүүгө белсенип жатышканын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG