Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Грузия Кыргызстанга жардамын аябайт


Ырасмий Тбилиси кыргыз элин колдойт. Бул жөнүндө Грузия тышкы иштер министри Григол Вашадзе 19-апрелде Нью-Йоркто БУУнун баш кеңсесинде журналисттер менен болгон кездешүүдө айтты:

- Биз кыргыз элин колдойбуз. Биз аларга тынчтыкта, демократияда жана жыргалчылыкта жашоону каалайбыз. Ошон үчүн, токтоосуз Бишкек окуяларынан кийин Грузия (Кыргызстанга) учак менен 70 тонна гумманитардык жардам жөнөттү.

Вашадзе ошондой эле Грузия президенти Михаил Саакашвили Кыргызстандын убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, колдон келген жардамын аябасын жана тополоң учурунда жарадар болгон балдарды Грузияда дарылоону сунуш кылганын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG