Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын аксакалдары элге кайрылуу жолдоду


Аталган партияныны аксакалдары Кыргызстандын калкына жолдогон кайрылуусунда баш калаадагы окуяларды кандуу булоон катары мүнөздөп, Убактылуу өкмөт 13 күндөн бери кырдаалды жөнгө сала албай жатканын белгилеп, жарандарды чете карап турбай, Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга жапырт жардам берүүгө чакырды. «Уламдан-улам элдүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө олуттуу таасир эткен маселелерге тушугуп жатабыз. Аларды четинен чечкенге убактылуу өкмөт алсыз болуп жатат. Ата Журт асманында кара булут айланып, ынтымагыбызга шек келип турганда убактылуу өкмөттү гана карап, четте кол куушуруп турганыбыз жарабас. Кыргызстан бардыгыбыздын мекенибиз! Демек, аны сактоо бардыгыбыздын милдетибиз! Биз, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын аксакалдары, мүчөлөрү акылдашып, өлкөбүздөгү абалды турукташтырууга жакындан жардам берүү чечимин кабыл алдык», -деп айтылат кайрылууда. (KC)

XS
SM
MD
LG