Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

М. Токоев: Ошто жергиликтүү ММКлар цензуралык кысымга алынууда


Бул тууралуу “Журналисттер”коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында убактылуу өкмөттүн Ош обулусундагы Координациялык кеңеши айрым ММКларга маалымат берүү боюнча “көрсөтмө” берип жаткандыгы журналисттер коомчулугун тынчсыздандырууда. “Учурдагы түштүк аймагында курч кырдаалды эске алып, убактылуу өкмөттүн бул кадамын түшүнсө болот. Анткени бүгүнкү кырдаалда олдоксон айтылып алынган сөз улут, регион аралык араздашууга алып келиши мүмкүн. Бирок демократиялык нукка багыт алган мамлекет болгондон кийин, убактылуу өкмөт башка жолдорду караштырышы абзел” –деди “Журналисттер” коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бул боюнча жакында жаңыча кадамдар кабыл алынаарын билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG