Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Жалал-Абадда митинг уланууда


Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүнө карганда, Жалал-Абадда Бакиевдин тарапкерлери тарай элек. Алар дале обулустук бийлик имаратынын алдында турушат. Убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды койгон митингчилер алдына улам бирден адам чыгып сүйлөп, ортодо жергиликтүү аткаруучулар концерт тартуулап жатышат. Ушу сааттарга 2 боз үй тигилди. Бүгүн митингчилер Жалал-Абад обулустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Кубаныч Төрөбаевди коюп алышты. Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Болот Шерниязов тарабынан шайланган башкармалыктын мурунку жетекчиси Сталбек Бакиров бүгүн кызматын тынч бошотуп бергенге мажбур болду. ИИМ азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. (EK)

XS
SM
MD
LG