Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Экс-президент Курманбек Бакиев Минскиде


Белорус президенти Александр Лукашенконун маалымдашынча, Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен дүйшөмбү күндөн бери Минскиде. Лукашенконун сөзүнө караганда, Бакиев азыр медициналык текшерүүдөн өтүүдө.

7-апрелдеги ыңкылапта тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев ошол күнү кечинде кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылына барган. Андан соң кызматтан кетпесин айтып, кичи мекенинде Убактылуу өкмөткө каршы митингдерди уюштуруп, 15-апрелдин кечинде Жалал-Абаддан атайын учак менен Казакстанга кеткен. Бул иш Казакстан, Орусия, АКШ президенттеринин жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен жүзөгө ашканы айтылган. Курманбек Бакиев Казакстанга барган соң кызматтан кетүү боюнча арыз жазып бергени кабарланып, бирок анын андан ары кайсы жакка кеткени белгисиз болуп жаткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG