Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Р. Отунбаева жарандарга жана объектилерге кол салгандарга ок атыларын эскертти


Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Бишкектин четинде беш адам кайтыш болгон тополоң окуялар жөнүндө билдирүү таркатып, каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга терең көңүл айтты. Убактылуу Өкмөт коомдук тартипти калыбына келтирүү жана зордук-зомбулукту, мыйзамсыздыкты токтотуу боюнча чукул чараларды көрүп жатканын, бул үчүн күчтөр жана каражаттар жетиштүү экенин баса белгиледи. Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына жана Коргоо министрлигинин тийиштүү бөлүктөрүнө жарандардын коопсуздугун жана алардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга көрсөтмөлөр берилгенин билдирип, жарандардын өмүрүнө жана алардын үйүнө, жеке менчигине кол салуу учурларында, ошондой эле жарандык жана аскердик объектилерге кол салуу учурларында, мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары ок ата турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG