Аталган биримдиктин III курултайында Кыргызстандагы азыркы социалдык-саясий кырдаал, андан чыгуунун жолдору, Кыргызстанды сактоо элдик комитетин түзүү жана анын курамын бекитүү маселеси каралат. Курултай улуттук филармонияда өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын уюштуруу комитетинен билдиришти. (AJ)