Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Убактылуу өкмөт элге каршы чыккандарга катуу чара көрөт


Анда 19-апрелде кечке маал Бишкектин четиндеги Маевка айылындагы кайгылуу окуядан каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга көңүл айтып, акыркы болуп жаткан окуяларга байланыштуу Убактылуу өкмөт тез арада коомдук тартипти камсыз кылууну жана зомбулук, мыйзамсыздыкты токтотуу үчүн чукул чара көрөрү айтылган.

Билдирүүдө Убактылуу өкмөттүн төрайымы Ички иштер министрлигине, Коопсуздук кызматына жана Коргоо министрлигинин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуучу бөлүмдөрүнө көрсөтмө берип, ага ылайык атуулдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, алардын үй-жайына, жеке менчигине, жарандык жана аскердик обьектилерге каракчылык менен кол салгандарга укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде ок ата тургандыгы белгиленген.

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын элин сабырдуулукка, чагымчыларга алдырбоого чакырып, күч менен коомдук тартипти жана этникалык мамилелерди бузууга аракет кылгандарга чогуу сокку урууну өтүнгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG