Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Жалал-Абадда К.Бакиевдин тарапкерлери чогулууда


Аталган дубандагы кабарчыбыздын айтымында, Жалал-Абадда борбордук аянтка Бакиевдердин 400гө чамалаш жактоочулары чогулду. Кабарчынын айтымында, аянтта тигилген боз үйдүн ортоңкусунда бир топ майда таштар төгүлүп, үстү палас менен жабылган. Айрымдарынын колунда таяк бар. Бүгүн Убактылуу өкмөт дайындаган губернатор Бектур Асановдун жактоочулары да митинг уюштурмакчы болуп жатышканы айтылган, бирок алар азырынча көрүнбөйт.

Экс-президент К.Бакиевдин жактоочулары Жалал-Абадда бир топ күндөн бери тынчыбай, утур-утур митинг өткөрүп жатышат. Эки күн мурда алар өздөрү Пайзуллабек Рахмановду губернатор шайлап, облустук акимчиликти күч менен ээлеп алышкан. Алар Убактылуу өкмөткө баш ийбей, К. Бакиевди кайтарып келүүнү талап кылып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG