Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Польшалыктар 20-июнда жаңы президентти шайлашат


Польшада эрте президенттик шайлоо 20-июнда өткөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, парламент төрагасы Бронислав Коморовски билдирди. Талапкерлер добуштардын жок дегенде 50 процентин чогулта алышпаса, 4-июлда экинчи айлампа болмокчу. Негизги талапкерлер арасында Коморовски, маркум президенттин бир тууганы, “Мыйзам жана адилеттүүлүк” партиясынын лидери Ярослав Качински аталууда. 11 күн мурун Польша президенти Лех Качинскини ташып бараткан учак Смоленск шаарында кыйроого учурап, борттогу бардык 96 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG