Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Т. Сариев: К. Бакиев туруксуз экенин дүйнөлүк коомчулуктун алдында да көрсөттү


Экс-президент К. Бакиевдин бүгүн Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик кызматтан кеткен эместигин билдирген, ошондой эле Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттү тааныбагыла деп дүйнөлүк коомчулукка кайрылган билдирүүсү боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев "Азаттыкка" төмөнкү жооп сөздөрдү айтты:

- Ушунча адамдарды зордук-зомбулук менен өлтүрүп, алыс качып, баш паанек тапкан жерге барып, өзүнүн жазып берген арызынан баш тартып мен мамлекеттин президентимин дегени бул дагы бир жолу анын кыргыз элинин астында, коомчулуктун астында, дүйнөлүк коомчулуктун астында өзүнүн туруктуу эместигин көргөздү. Көрсө бул кишиге бир гана бийлик керек экен. Көрсө, элди басып жатып, канын соруп, кордосом, бирок өзүм жыргасам деген саясатта турганын дагы бир жолу далилдеп жатат.

Т. Сариев экс-президент жана анын балдары, жакын чөйрөсүнө бир катар кылмыш иштери козголгонун белгилеп, алар жасаган кылмыштардын баары тергелип сотко өткөрүлгөндөн кийин, сот чечими боюнча К. Бакиевди жоопкерчиликке тартуу аракети көрүлөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG