Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Акмат Бакиевди жакындары таппай жатышат


Экс-президент К. Бакиевдин Жалал-Абаддагы иниси Акмат Бакиевди жакындары 21-апрелдеги кечтен бери жоготуп таппай жатышат. Анын бир тууганы Каныбек Бакиев “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө Акмат Бакиев кечки саат алтыда байланышка чыкканын, телефондон адегенде кыйкырык, андан соң атылган октун үнү угулганын, ошондон кийин дароо телефону өчүп калганын билдирди. Ошондон бери анын телефону өчүп иштебей жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы күзөт бөлүмүнүн Акмат Бакиевдин жоголуп жатканы жөнүндө эч маалыматы жок экен.

Акмат Бакиев Жалал-Абадда жашайт, “Саалы Ата” фирмасынын президенти катары белгилүү. (KC)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG