Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Бүгүн Европанын аба мейкиндиги дээрлик толугу менен ачылат


Финляндия менен Шотландиянын гана айрым райондорунда аэропорттор жабык турушу мүмкүн. Калган жактарда толук иштей баштайт. Кечээ алдын ала белгиленген баардык рейстердин 80% аткарылды. Өткөн аптада Исландияда жанар тоо жарылып, асманды түтүн аралаш чаң баскан булут каптап калган эле. Мындай абалда учууга болбойт дешкендиктен, Европанын аба мейкиндиги дээрлик толугу менен жабылган. Авиакомпаниялар анын айынан 1 млрд.700 млн.доллар жоготууга учурашты. Учакка отура албай калган миңдеген жүргүнчүлөр бир нече күн эч жакка жыла албай калышты же транспорттун башка түрлөрүн кароого мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG