Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Отун-сууга тарифтер төмөндөтүлдү


Убактылуу өкмөттүн 20-апрелдеги токтому менен 1-апрелден баштап электр кубатына төлөмдөр Кыргызстандын калкына 70 тыйын, насостук станцияларга 70 тыйын, Токтогул районунун, Каракөл шаарынын, Жазы-Кечүү айылынын тургундарына 4,5 тыйындан, өнөр-жай тармагына жана айыл-чарбасында колдонууга 1 сом 32 тыйындан белгиленди.
Жылуулукка тарифтер жалпы калк үчүн 1Гкалга 715 сом, бүджеттик мекемелер жана өнөр жай ишканаларына 929,2 сомдон көрсөтүлдү.
Ысык сууга кардарлар 41,1 сомдон, бүджеттик мекемелер менен өнөр жай ишканалары 60 сомдон төлөшөт.
Данияр Үсөновдун өкмөтү ушул жылдын 1-январынан баштап электр кубатына тарифти 1 киловатка 1 сом 50 тыйын, бир гикакалорий жылуулук үчүн 1050 сомго, ысык сууну 1050 сомго көтөргөн болчу. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG