Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Бүгүн “7-апрел” кыймылы А.Лукашенкого талап коет


Алар Беларус президентин 6-7-апрелде кан төгүүгө жол берген экс-президент К.Бакиевди Кыргызстанга тез аранын ичинде кайтарып берүүнү, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү жана жазыксыз кыргыз элин айыптоону токтотууну талап кылышат. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймыл бүгүн Кыргызстандагы Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрүшүп, Александр Лукашенкого кыймылдын талабын элчиликке тапшырышат. Буга чейин “7-апрел” кыймылы 19-апрелде Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрүшүп, элчи менен жолугушуп К.Бакиевди Беларус мамлекетине кабыл албоо талабын коюшкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG