Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Кыргыз-казак-өзбек чек аралары жабык


Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз жарандары Казакстандын аймагына өткөрүлбөйт, бирок Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө мүмкүн. Башка өлкөнүн жарандары дагы Казакстан тараптан өтсө болот. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен жабык. Ал эми кыргыз-кытай-тажик чек аралары демейдегидей эле иштөөдө.

Басма сөз кызматынан азырынча чек аралар качан ачылаары белгисиз экенин, бул боюнча алдын ала маалымат бериле турганын айтты. Чек аралар Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу 7-апрелде жабылган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG