Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:43

Ош шаарында энергетиктер иш таштады


Шаардагы борбордук аянтка “Ошэлектро” ачык акционердик коомунун 500дөй кызматкери өздөрү директорлукка шайлаган Асылбек Артыковду ордуна калтыруу талабы менен чыкты. Алардын айтымында, облусттук бийлик жана Энергетика министрлиги бул кызматка башка адамды алып барууга аракет көрүүдө. Ошондой эле белгисиз адамдардын тобу А.Артыковду “иштен кет” деп коркутуп атканын да маалымдашты. Энергетиктер эгерде А.Артыков кызматтан кетсе, иш таштоону улантаарын билдирди. Чогулгандарга бийлик жетекчилери чыга электигин аймактагы “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Энергетика министрлиги “Ошэлектрого” жаңы жетекчи дайындалбаганын “Азаттыкка” билдирди. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG