Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Ошто нааразылык акциясына чыккан энергетиктер тарады


Шаардагы борбордук аянтка “Ошэлектро” ачык акционердик коомунун 500дөй кызматкери өздөрү директорлукка шайлаган Асылбек Артыковду ордуна калтыруу талабы менен чыккан. Алардын айтымында, облусттук бийлик жана Энергетика министрлиги бул кызматка башка адамды алып барууга аракет көргөн. Чогулгандарга облусттук бийлик жетекчилери чыгып, маселе чечилгенин айткан соң, энергетиктер тарап кетти.

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмон Артыкбаев “Азаттыкка” берген маегинде “Ошэлектронун” кызматкерлери техникалык директорду ордунда калтырууну талап кылганын, алардын талабы аткарылганын билдирди. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG