Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Ирандын элиталык бөлүгү ири аскерий машыгуу өткөрүүдө


Революциялык гвардиянын кеңири масштабдагы машыгуусу бүгүн Перси булуңу менен Хормуз кысыгында башталды. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, “аймактын коопсуздугун” сактоону көздөгөн машыгуу үч күнгө созулат. Революциялык гвардиянын колбашчыларынын айтымында, машыгуу учурунда жаңы куралдар сыналат. Иран Хормуз кысыгындагы аскерий машыгуусун 2006-жылдан бери такай өткөрүп келүүдө. Дүйнө керектеген мунайдын 40%ы Перси булуңундагы ушул кууш жол аркылуу ташылат. Быйылкы машыгуу Иран талаштуу өзөктүк программасынан улам Батыш менен тирешип турган учурда өтүүдө. Тегеран кокус Батыш өлкөлөрү кол салса, Хормуз кысыгын жаап саларын мурда эскерткен.

XS
SM
MD
LG