Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Таллинде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат


АКШ менен Орусия өзөктүк куралды кыскартууну караган келишимге кол койгондон кийин өтүп жаткан жыйындын күн тартибине өзөктүк куралдан арылуу, ракетадан коргонуу жана Ооганстанда коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берүү өңдүү маселелер киргизилген. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Түндүк атлантикалык альянс өзөктүк кубатын сактап, ракетадан коргонуу боюнча бирдиктүү калканч түзүүсү керектигине токтолду:

-Биз өзөктүк куралсыз дүйнөгө умтулуубуз керек. Мен бул көз карашты бөлүшөм. Бирок биз өзөктүк потенциалыбызды шылуун режимдер менен террордук топтордун бизге өзөктүк коркунуч жаратуусу мүмкүн болуп турган шартта сакташыбыз абзел. Ушул себептен улам биз ракетадан коргонуу боюнча өнөктөштөрүбүздүн баарын камсыздай ала турган ишенимдүү системага муктажбыз.


Расмуссен ага катар НАТО Ооганстанда стабилдүүлүккө жетишүү үчүн канча талап кылынса, турууга даяр экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG