Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Жалал-Абаддагы өзбектер К. Бакиевди колдобойт


Облустагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыров жыйында К. Бакиевди Жалал-Абаддагы өзбектер колдобой турганын билдирди. Анын айтымында, облуста өткөн митинг-курултайларда ар кандай күчтөр ушак-айың таратып, улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракет кылды. Улуттук борбор тынчтыкка, сабырдуулукка үндөө менен элди ынтымакта сактап калды. Бишкектегидей талап-тоноо, башка улуттагылардын жерлерин басып алуу окуясы болгон жок жана саясий оюнчулар имиш таркаткандай, Жалал-Абадда “өбек автономиясы” деген маселе көтөрүлгөн жок. “Улуттардын укуктарын коргоо үчүн1993- жылкы баш мыйзамга кайтуу керек”, - деп айтты К.Батыров. (YA)

XS
SM
MD
LG