Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

Жарандык уюмдардын тергеп-иликтөө комитети биринчи отурумун өткөрөт


Бул тууралуу билдирген аталган комитеттин жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Убактылуу өкмөт 6-7-апрелдеги кандуу окуяны иликтөө боюнча комиссия түзө элек. “Бүгүн жарандык коомдордун апрел ыңкылабындагы кан төгүүлөрдү тергеп-иликтеген комитетинин биринчи отуруму болуп анда алгачкы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы талкуулант. Убактылуу өкмөттөн бул маселени иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүү сунушу болду. Балким биздин комитетти кошуп кеңейтилген комиссия түзүлүшү мүмкүн”,-дейт Т.Үмөталиева.
Адам укуктары боюнча Хьюман Райтс Воч эл аралык уюму Убактылуу өкмөт 6-8-апрелдеги окуяны тыкат иликтеген комиссияны тез арада түзүүсү керектигин билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG