Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Муфтийди уурдап кеткендер жакын арада кармалат


Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Туратбек Мадылбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 21-апрелде белгисиз төрт адам Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановду уурдап кетишип, Байтик айылы жакка алып барып 1 миллион доллар берүүсүн талап кылышкан. “Алар муфтийди буга чейин Меккеге жөнөткөндөрдөн тапкан акчаларыңды бер деп кыйнашкан. Азыр бул кылмышка төрт баланын тешеси бардыгы белгилүү болду. Алар жакын арада кармалат”,-деди Туратбек Мадылбеков.
Маалыматтарга караганда Муфтий Мураталы ажы Жуманов ооруканада дарыланууда.
Бишкектин коменданты ошондой эле Маевка айылындагы баш-аламандыкты уюштурган делип шектелип кармалган 5-6 адамга кылмыш иши козголгонун, Бишкектин төрт районундагы жеке менчиктерди басып алууга катыштыгы бар делип ар бир райондон 6-7ден адам кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG