Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

“13-март жол кырсыгы” боюнча соттолгон Ө.Осмонов өлтүрүлгөнү маалымдалууда


2009-жылы 13-мартта экс-президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун жол кырсыгынан мерт болушуна айыптуу делип 12 жылга жатак-абакка кесилген Өмүрбек Осмоновду 17-апрелде Беш-Күңгөй айылында бычактап өлтүрүп кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Бул маалымат учурда такталууда деп билдирди “Азаттыкка” Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда өткөн жылдын 13-мартында таңга маал Бишкектен 25 чакырым түштүк жакта Кой-Таш айылынын жанында «Лексус» жана «Ауди» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, “Лексус” өрттөнүп кеткен. Анын ичиндеги күйүп өлгөн адамдар экс-президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов экендиги аныкталган. Аламүдүн райондук соту бул жол кырсыгына “Ауди” унаасынын ээси Өмүрбек Осмоновду күнөөлүү деп таап өткөн жылы жайында 12 жылга жатак-абакка кескен. (AJ)

XS
SM
MD
LG