Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Мурдагы энергетика министри Ильяз Давыдов камалды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн прокуратура, сот жаатын көзөмөлдөгөн мүчөсү Азимбек Бекназаров тастыктады. Маалыматка караганда, И.Давыдов кечээ, 22-апрелде мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалып, камалган. Учурда ал иликтөө ишетрине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, суралып жатат. Мындан сырткары “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков, “Кыргызгаз” ишканасынын жеткчиси Саламат Айтикеев изделип жаткандыгы кабарланды.

Буга чейин Башкы прокуратура И.Давыдов “Ситихолдинг” ишканасынын жетекчиси Ш.Алибакиев менен пайдасыз келишим түзүп, натыйжада Улуттук электр тармактары ишканасы кымбат баада авторансформатор сатып алып, мамлекетке 30 млн. 717 миң 474 сом зыян алып келгендигин кабарлаган. Кылмыш иши 306-берене боюнча козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG