Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Балыкчы окуясы боюнча сот иши кыскартылды


“Балыкчы окуясы боюнча кармалып, камалгандар акталган жок, алардын сот иши гана кыскарды,” - деп билдирет “Азаттыкка” адвокат Айбек Жанузаков. Анын айтымында, Ысык-Көл прокуратурасы тарабынан жаңы жагдайлар боюнча атайын корутунду жөнөтүлүп, Балыкчы шаардык сотунун чечими жокко чыгарылган. Ал эми жактоочу Батырбек Олжобаевдин айтымында, облсот чогултулган далилдер бар экенин билдирип, айыпталгандарды актаган жок. Адвокат айыпталгандар жана жактоочулар бул чечимге макул болбой жатканын, аларды толук актоону талап кылып жатканын билдирди. Бул боюнча Жогорку Сотко арыз жөнөтүлгөн.

Шайлоого тоскоол болду, баш-аламандык уюштурду жана конститутциялык түзүлүшкө шек келтирди деген беренелер менен соттолгондордун он төртү 3 жылга чейин шартуу түрдө, төртөө 4 жылга жатак абакка кесилген эле.(КЕ)

XS
SM
MD
LG